Чүй-Кемин округу боюнча Медербек Саккараевди талапкер кылып каттоо тууралуу чечим жокко чыгарылды.
«Талапкердин каттоосун жокко чыгардык. Ал сотко кайрылган экен. Сот биздин чечимди колдосо, андан кийин көп добуш алган талапкер сунушталат», — деди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.
Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев 24,78 пайыз добуш алган. Саккараевден кийин Тынайбек Жансеитов көп добуш алган. Ал 21,42 пайыз добуш алган.