Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын биринчи жыйыны эртең, 23-декабрда өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жыйынтыктоочу жыйыны болот.
БШК бүгүн жаңы чакырылыштын депутаттарын каттоону баштайт.
28-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке 6 партия (54 депутат) жана бир мандаттуу округдар боюнча 33 депутат шайланды.