Суббота, 4 мая

Парламенттин VI чакырылышынын депутаттарынын иши белгисиз мөөнөткө узартылды

0

Кыргызстанда парламенттин VI чакырылышы ишин улантат, кийинки чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктарына кириши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

22-декабрда эл өкүлдөрү ишмердүүлүгүн аяктап кетери айтылган. Ал эми 23-декабрь күнү жаңы чакырылыштын депутаттары келери күтүлгөн.

Бирок жыйындын соңунда депутаттар жабык эшик артында талкуу өткөрүштү. Андан соң төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева журналисттерге кайрылып, бүгүн сессия жыйынтыкталбаганын билдирди.

«Жаңы шайланган депутаттарга БШК мандат бериши керек. Учурда ал маселе чечиле элек. Себеби депутаттар кийинки чакырылыш келгенге чейин иштеши зарыл», — деди Касымалиева.

Азырынча VII чакырылыштын депутаттары качан келери белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз