Пятница, 22 ноября

«Женго» каймана аттуу кримтөбөл камактан бошотулду

0

 «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» делген Кадыр Досоновду кармаган.

Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинген жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилген болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз