Суббота, 23 ноября

Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өтөт

0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 25-декабрда Министрлер Кабинетинин жыйналышы өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.

Иш чарага Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышат.

Мындан сырткары, жыйынга Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ж. б. катышат.

Министрлер Кабинетинин жыйналышы КТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз