Бишкек шаардык мэриясында район акимдеринин жоопкерчилиги каралды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы 4 райондун ичинен коронавируска каршы эмдөө алгандардын саны эки райондо төмөн көрсөткүчтө. Анда:
* Октябрь районунун аймагында вакцинанын биринчи дозасы менен 29 миң 47 адам же 24 пайыз, экинчи дозасы менен 23 миң 760 же 17 пайыз эмдөөдөн өткөн (вакцина алчу 121 миң 101 адам).
* Свердлов районунун аймагында вакцинанын биринчи дозасы менен 29 миң 719 же 27,6 пайы, экинчи дозасы менен 25 миң 484 же 23,7 пайыз эмдөө алган (вакцина алчу 107 миң 587 адам).
Бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча райондун акимдерине бир нече жолу тиешелүү тапшырмалар берилген. Жыйынтыгында эки акимге сөгүш берилди. Ал эми Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисине эскертүү берилди.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Бишкектин Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев. Ал эми Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков.