Кыргызстанда 31-декабря карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 41, Чүй облусунда — 1, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 7 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 257 бейтап, амбулатордук түрдө 319 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 826 киши айыгып чыкса, 2 миң 802 адам каза болду.