«Центерра Голд Инк.» компаниясы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү менен Кумтөр кенине байланышкан талаш-тартыш жана 2021-жылдын май айында киргизилген тышкы башкаруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын тастыктады.
Компания Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүп берүүдө төмөнкү талаптар коюларын белгиледи:
— «Кыргызалтын» ААК ээлик кылган «Центарранын» 26,1% жөнөкөй акциясы «Центеррага» өткөрүлүп берилиши керек. Андан кийин «Центерра» бул акцияларды жараксыз деп табат;
— КР «Центерранын» 2 кыргыз ишканасына жана Кумтөр кенине толугу менен жоопкерчилик алат;
— «Центеррага» 3 дивиденддин таза баасына тете акча төлөнүп берилиши керек;
— «Центерранын» директорлор кеңешинин курамынан «Кыргызалтын» ААКтын 2 адамын отставкага кетирүү;
— Эки тараптын бардык доо-талаптары толугу менен жоюлуп, бардык соттук териштирүү иштерин токтотуу;
