Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 735 миң адамга жетти. Бул 2021-жылдын 1-ноябрына карата көрсөткүч, деп билдирди Улуттук статистика комитети.
Расмий маалымат боюнча, туруктуу калктын саны 2021-жылдын январынан тарта октябрына чейин 98,1 миң адамга көбөйгөн. Бул көрсөткүч — 1,5 пайыздык өсүш.