Пятница, 20 сентября

Анкара Приштинага Гүлен кыймылы боюнча талабын билдирди

0

Түркия жана Косово аскердик кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду.

Түркия Приштинадан Фетхуллах Гүлендин  (FETÖ) террордук кыймылы менен күрөшүү маселесинде колдоо көрсөтүүнү үмүт кылат.  Бул тууралуу Түркиянын улуттук коргонуу министри Хулуси Акар Косовонун коргонуу министри Рустем Беришей менен сүйлөшүү учурунда айтты.

Акар “Гүлендин тарапкерлерине каршы күрөшүү маселесинде эки өлкөнүн ортосундагы баардык тоскоолдуктарды жоюуга” чакырды.

Косовонун коргоо ведомствосунун башчысы өз учурунда Түркия дайыма Косовону колдоп келгендигин белгилеп, мындан аркы да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого ишеничин билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар аскердик кызматташтык тууралуу макулдашууга жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча протоколго кол коюшту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз