Коңшу Казакстанда куралчан 26 адам жок кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 26 куралдуу кылмышкер жок кылынса, үч миңден ашуун адам кармалган. Дагы 18 адам жарадар болду.
Буга чейин, бүгүн, 7-январда Алматы шаарында кайрадан атышуу башталганы кабарланган.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында бир нече күндөн бери нааразычылык акциялары өтүп, ал полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.