Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин парламентте президент Алихан Смаиловдун талапкерлигин премьер-министрликке сунуштаган. Анын талапкерлигин 89 депутат колдогон. Ал 5-январдан тарта премьер-министрди милдетин аткарган.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.