Бүгүн, 13-январда Алматы шаарынан Бишкек шаарына Кыргызстандын 30 жараны алынып келинет. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары Бишкекке саат 10:00дө жол тартышмак.
Буга чейин Алматыдан Кыргызстандын 150 жараны алынып келген.