Бүгүн, 20-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 870 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 600,
— Чүй облусунда – 161,
— Баткен облусунда – 27,
— Жалал-Абад облусунда – 23,
— Талас облусунда – 18,
— Ош облусунда – 16,
— Ысык-Көл облусунда – 13,
— Ош шаарында – 10,
— Нарын облусунда – 2.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 193028 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 4 бейтап көз жумду.