Пятница, 26 апреля

Швециядан уурдалган автоунаалар Кыргызстандан чыкты

0

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин улуттук «Интерпол» борбору тарабынан эл аралык «Интерпол» уюму издөө жарыялаган автоунаалар табылды. Министрликтин маалыматы боюнча, бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына Евро биримдиктеги өлкөлөрдөн алынып келген.

2021-жылдын 30-декабрында ИИМдин Тергөө кызматы менен Бишкек ШИИБдин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери борбордогу автосалонду текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгында айып короого жалпы 189 автоунаа токтотулса, алардын ичинен премиум-класстагы бешөө Швециядан 2020-2021-жылдары уурдалганы белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз