Четверг, 21 ноября

БШК Рыскелди Момбековду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Мындай сунушту Боршайкомдун документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу берип, аны БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду. Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, БШКга көрсөтүлгөн Кыргыз улуттук университетинин дипломунун көчүрмөсү Момбековго берилген эмес. Архивде да Момбековду кабыл алуу жөнүндө буйрук, анын өздүк иши, диплом ыйгаруу жөнүндө буйрук табылган эмес.

Эске сала кетсек, 27-февралда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында Жогорку Кеңештин 2 депутаты шайланат. Момбеков Биринчи май округунан шайлоого катышарын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз