Среда, 24 апреля

Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. — деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер Кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз