Бүгүн, 24-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 426 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 314 адам;
— Чүй облусунда – 44 адам;
— Баткен облусунда – 22 адам;
— Жалал-Абад облусунда – 18 адам;
— Ош шаарында – 10 адам;
— Ысык-Көл облусунда – 10 адам;
— Нарын облусунда – 4 адам;
— Талас облусунда – 4 адам;
— Ош облусунда катталган жок.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 195820 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.