Суббота, 21 сентября

Түркия-Орусия биргелешкен инвестициялык фонду түзүлдү

0

Фонддун жалпы каражатынын көлөмү 900 миллион евро.

Түркия менен Орусиянын ортосунда 900 миллион евро суммасындагы инвестициялык RTIF фонду түзүлдү.

RTIF биринчи этапта 200 миллион евролук инвестиция салат.

Тараптар ар бир эки өлкөдө тең технология, саламаттык сактоо жана инфраструктура сыяктуу алдыңкы секторлорго багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыга баштады.

Орусиянын Түздөн-түз инвестиция фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев, 900 миллион евро көлөмдүү Орусия-Түркия биргелешкен фонддун түзүлгөнүн айтты.

Журналисттерге маалымат берген Дмитриев: «Фонд боюнча көпкө иштештик, ушул алкакта көп сандаган сүйлөшүү өткөрүлдү жана аягында түзүлдү. Фонддун каржылык жалпы көлөмү 900 миллион евро»,- деди.

Дмитриев бул фонддун эки тараптын ортосундагы инвестициялардын тездетилиши үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

Ал эми Түркиянын Мал-мүлк фондунун билдирүүсүнө караганда, чечимге президент Режеп Таййип Эрдогандын ушул жумада Орусияга жасаган сапарында кол коюлду.

Эрдоган орус кесиптеши Владимир Путин менен Москвада жолуккан болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз