Суббота, 21 сентября

Өкмөт К.Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүүсүнө жооп берди

0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча жыйынтык маалымат сунушталды.

Коомдук ишмер К.Ташиевдин Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды жөнгө салуу боюнча протоколдун мазмунунун жашырылышы тууралуу билдирүүсүн негизсиз деп эсептейбиз.

Протоколго 2019-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринини орун басары Азим Иброхим тарабынан кол коюлган. Анда эки өлкө кызыкчылыгы эске алынып, чектеш райондордогу ошол учурда токтоп турган транспорттук байланыштын калыбына келтирилиши, ошондой эле Баткен районундагы Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолдорунун курулушунун улантылышы камтылган.

2019-жылдын 1-апрелинде Премьер-министр жер-жердеги курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Аксай жан Көк-Таш айылдарына барып, тургундар менен жолугушуп, жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы жана аларга көмөк көрсөтүү пландары тууралуу айтып берген.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйынында жана тийиштүү комитетте чек ара чатактарын жөнгө салуу, ошондой эле чектеш райондордогу айылдарга колдоо көрсөтүү чаралары боюнча жыйынтык маалымат берилген.

Маселенин спецификасына жараша жана чыр-чатактын кайталануусуна жол бербөө максатында ал Жогорку Кеңештин жыйынында жабык режимде каралган, анын жүрүшүндө Өкмөт тараптан депутаттарды кызыктырган бардык суроолорго жооптор берилген.

Биздин өлкөдө ар бир жарандын ар кандай актуалдуу маселелер боюнча өз пикирин ачык билдирүүгө укугу бар, бирок аталган учурда К.Ташиевдин билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейбиз.

9-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында 2010-жылдагы ыңкылаптын үмүтү акталбай жатканын айтып, бийликти ири реформаларга барууга чакырган. Ал 2010-жылдан кийинки бийлик түзгөн система менен мамлекет өнүкпөй турганын айтып, саясий реформа кылууга үндөө менен эгер бийлик мындан баш тартса, аны элдин жардамы менен ишке ашыра турганын белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз