Пятница, 3 мая

Коронавирус 83 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

0

Суткада коронавирус дагы 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 63, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 519 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 89 киши айыгып чыкса, 2 миң 905 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз