Воскресенье, 19 мая

Бүгүн Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

0

Бүгүн, саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Молдомуса Конгантиев менен коштошуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 64 жашында дүйнөдөн кайтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз