Воскресенье, 19 мая

Унааңыздын терезесин 50 миң сомго караңгылатасызбы?

0

Унаанын терезесин караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 9-февралда биринчи окууда кабыл алган. Документти Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы жылына 30-50 миң сом болушу ыктымал.

Ал эми мындай акчаны 15-20 миң айдоочу төлөөгө даяр экени белгилүү болууда. Бул тууралуу 22-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди. Ал ушул тушта машинелердин айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн жол жобосун мекемелер аралык жумушчу топ даярдап жатканын маалымдады.

«Биз ар кандай ыкма менен санап көрдүк. Биз мисалы, жылына айнегин мыйзамсыз караңгылатып алган үч миңдей учурду аныктайт экенбиз. Ошондо мындай айдоочулардын 20% кармалды деп эсептесек, жалпысынан 15 миңдей болот экен. Андан кийин канча жаңы машине бар деп ошолордун дагы эсебин чыгардык» – деди Исраилов.

Исраилов мыйзам долбоордо жеңил автоунаалардын гана айнегин караңгылатууга уруксат берилгенин, ал эми такси, эл ташыган жана жүк ташыган автоунааларга тонировкага тыюу салынарын белгиледи.

Кыргызстанда азыркы мыйзамдарга ылайык, терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз