Украинанын борбору Киев шаарында жана башка Краматорск, Одесса, Харьков, Бердянск калааларында жарылуулар угулуп жатат. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
«Бейшемби күнү, 24-февралда, таңда Киевде жана андан башка бир нече шаарында жарылуулар угулду. Краматорскиде кеминде төрт ирет, Одесса, Харьков, Бердянск калааларында катуу жарылуу жана Донбасста ырайымсыз аткылоо болуп жатканы боюнча билдирип жатышат», — деп айтылган маалыматта.
Мындан сырткары, борбор калаадагы жарылууну Позняков жана Троещина аймактарынын жашоочулары даана уккан.
