Пятница, 20 сентября

Орусия Кыргызстанга убада кылган 30 млн. долларды берди

0

Орусия март айында Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 30 млн. доллар грант бөлгөн. Маалымат өкмөт тарабынан жарыяланганын Economist.kg басылмасы билдирди.

Жардам республикалык бюджеттин каржы чыгымдарын жабууга, социалдык объектилерди жана аскер кызматкерлери үчүн турак-жайларды курууга, социалдык тармактагы айлык акыларды төлөөгө жумшалат.

Грант бөлүү боюнча келишимге Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кол коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз