Четверг, 2 мая

Депутат: “Орусиялык каналдардын өчүрүш керек”

0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нурлан Шакиев КТРКга орусиялык телеканалдарды, тактап айтканда «Биринчи канал» менен «Россияны» өчүрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкө россиялык каналдарды көрсөтүүгө бюджеттик акчаны корото албайт.

«Чет элдик телеканалдарды элдин эсебинен көрсөтпөшүбүз керек. Орусиялык эки каналды өчүрүп, жергиликтүү телеканалдарга шарт түзүп беришибиз керек”, — деди Шакиев.

Ал ошондой эле балдар үчүн кыргыз тилиндеги контентти көбөйтүүнү сунуштады. «Кыргыз тилиндеги мультфильмдерди, жомокторду көрсөтүүнү көбөйтүү керек. Балдарыбыз эне тилин билишпейт», — деп кошумчалады эл өкүлү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз