Орусия Европа кеңешинен расмий түрдө чыгат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«НАТО менен Евробиримдиктин мамлекеттери Европа кеңешиндеги өзүнүн көптүгүнө салып, бардык принциптерден, тең укуктуу диалогдон баш тартып, бул уюмду антироссиялык саясаттын куралына айланта баштады. Ал негизи жалпы европалык түзүмдүн негизинде куралган эле. 25-февралда Орусия өкүлчүлүгүн токтотуу боюнча Европа кеңешинин органдарындагы Уставга каршы келген басынткан чечимди кабыл алышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай шартта Орусиянын аталган кеңеште калбай тургандыгы кабарланган. 15-мартта Европа кеңешинин башкы катчысына Орусиянын аталган уюмдан чыга турган билдирүүсү тапшырылган.
Тышкы саясат боюнча ведомстводон Европанын мындай кеңешинен ич ачышпай эле чыгып кетебиз деп кошумчалады.
«Биздин өлкөнүн бул уюмдан чыгып кетиши россиялык жарандардын эркиндиги менен укугуна эч кандай таасир тийгизбейт. РФтин Баш мыйзамында Адам укугу боюнча Европа конвенциясынан кем эмес кепилдиктер каралган», — деп айтылат билдирүүдө.