Воскресенье, 6 октября

Бишкекте 120 миң мыйзамсыз турак жайга документ берилет

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда жерлерди басып алып турак жай курган 30 миң гектар жерди документтештирүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Мунапыс мыйзамына сунушталган 30 миң гектар жерге 105 миң турак жай, 16 миңге чукул фундамент уруксатсыз тургузулган.

Анын ичинде Бишкек шаарынын 44 жаңы конушунда мыйзамсыз курулган 6 382 үй бар. Азыркы тапта 3 589 үйдү мыйзамдаштырса болот, 2 793ү санитардык нормага дал келбегенине байланыштуу каралып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз