Пятница, 17 мая

Өкмөттөрдүн «сырын» ачкан Жулиан Ассанж камакка алынды

0

Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинде камакка алынды. Ал 2012-жылы Швецияга экстрадициядан качып, элчиликте баш калкалап келген эле.

Эквадордун президенти Ленин Морено Wikileaks негиздөөчүсү Ассанж эл аралык конвенцияларды бир нече жолу бузгандыгы үчүн баш паанек берүү сунушун артка чакыртканын билдирди.

Wikileaks болсо «Твиттердеги» баракчасына Эквадор саясий баш паанек макамын артка чакыртып, эл аралык мыйзамдарды бузду деп жазды.

Австралиянын 47 жаштагы жараны Жулиан Ассанж Wikileaks аркылуу жашыруун деп саналган 500 миңден ашуун электрондук документтерди ачык жарыялаган. Анын ичинде АКШнын Кыргызстандагы «Манас» аба майданында жайгашкан мурдагы Транзиттик борбору жөнүндө да жашыруун сүйлөшүүлөр камтылган.

2010-жылы жарыяланган Кыргызстанга тиешелүү жашыруун документтерде Кошмо Штаттарынын Бишкектеги аскердик базасын жабуу үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга 3 миллиард доллар жардам сунуш кылгандыгы айтылган. Ошол кездеги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер «Бул документтердин бири да чындыкка дал келет деп айта албайм. Бирок айтаарым — Америка Кошмо Штаттары жашыруун сакталышы керек болгон маалымат минтип ачыкка чыгып кеткенине терең өкүнүчүн билдирет. Биз муну айыптайбыз»,- деп билдирген болчу.

Андан тышкары Wikileaks АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын хакердик ыкмаларын ачкан миңдеген документтери чуу жараткан эле. Бул документтерде компьютер, смартфон вирустары, тыңшоочу каржатка айланып кеткен «акылдуу» телевизорлор тууралуу сөз болгон. Wikileaks АКШнын чалгын кызматынын хакердик мүмкүнчүлүгү мыйзамдардан аша чаап кеткен жокпу деген талкууга жем таштап жатканын белгилеген болчу.

Бир күн мурун Wikileaks Эквадор элчилигинде Ассанжка каршы тыңчылык операциясы жүрүп жатканы аныкталганын жарыялаган болчу.

bbc.com/kyrgyz

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз