Суббота, 21 сентября

Кантта 12 жашар баланы уурдагандар кармалды

0

Кечээ, 11-апрелде саат 21:30 чамасында ошол эле күнү күндүз белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган Кант шаарынан 12 жаштагы Данил аттуу  бала табылды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өспүрүм 11-апрелде саат 21:30да Бишкектин четиндеги Панорамадагы гараждардын биринен табылган. Алдын ала маалымат боюнча эки шектүү кармалды.

Кант шаарынын жашоочулары баланы уурдады делген кишилердин бирин ошол замат эле таанышты. Алардын айтымында, жаран маршрутка айдап иштейт.

“Кармалгандардын биринин сүрөтүн көрөрүбүз менен тааныдык. Ал жергиликтүү маршрутканын айдоочусу. Аны Канттагылардын көбү билет”, — дешти тургундар.

Эскертке кетсек, өспүрүмдү 11-апрелде эртең менен мектепке бара жаткан жеринен Кант шаарынан элдин көзүнчө, көчөдөн Honda Fit автоунаасына күчтөп салып кетишкен. Баланы салып жаткан учур видеого түшүп калган.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен каттоого алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз