Пятница, 26 апреля

Акылбек Жапаров мал базарларга асфальт төшөөнү тапшырды

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аппараттык кеңешмеде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

“Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем”,-деди Жапаров.

Өкмөт башчы жыйында ошондой эле мамлекеттик орган-мекемелерден социалдык тармактарга жарыяланган кайрылуулардын баарына көңүл буруп, ыкчам жооп кайтарууну, чара көрүүнү тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз