Пятница, 17 мая

“Оскар” аземинде түрк тамактары берилди

0

27-мартта Лос-Анжелесте «Оскар» сыйлыгынын 94-аземи болуп өттү, ага дүйнөгө белгилүү кино жылдыздар жана продюсерлер катышты. Бул салтанаттуу аземдин урматына даярдалган кечеде түрк тамактары да меню тизмесине кошулган. 1995-жылдан бери «Оскар» кечесине тамак-аш даярдап келе жаткан атактуу ашпозчу Вольфганг Пак өзүнүн менюсуна бул жылы Кара-Деңиз (Pide) токочторун жана каймак менен толтуруп кургатылган өрүктү киргизген. Бул эки тамакты кинематогрофия тармагынын эң белгилүү өкүлдөрү даамдап көрүп абдан жактырышты.

Майрамдык кеченин дасторконун даярдаган Вольфганг Пак: «Түрк ашканасы салттуу рецепттери жана органикалык азыктары менен дүйнөдөгү эң бай ашканалардын бири экени талашсыз. Түрк ашканасында өзүң үчүн ачылыш боло турган көптөгөн рецепттер жана азыктар бар. Түркиянын жети региону өзгөчө түскө, тарыхка жана маданиятка бай. Түркияда кыдыра турган, ошондой эле даамдуу тамактарга бай бир топ шаарлар бар. Мен үй-бүлөм менен жыл сайын Түркияга эс алганы барып турабыз» — деп айтты.

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу кечесинде кино жылдыздарына Вольфганг Пак тарабынан даярдалып берилген тамактардын рецептерин, Go Türkiye ютуб каналындагы “Даамдуу түрк ашканасы” аталышындагы видеодон төмөнкү шилтеме аркылуу көрсө болот..

https://www.youtube.com/watch?v=YX9nWKWHb-8

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз