Министрлер кабинети 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрүн жарыялоо боюнча токтом долбоорун сунуштады.
Долбоордо мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иштөө тартиби боюнча иштеген кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуусу сунушталат.
Иш күндөрү кайсы учурга жылдырылат:
4-май (шаршемби) иш күнү 30-апрель (ишемби) дем алыш күнүнө;
6-май (жума) иш күнү 14-май (ишемби) дем алыш күнүнө.
Беш күндүк график боюнча иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомго ылайык эс алуу күндөрүн жылдыруу сунушталат.