Воскресенье, 28 апреля

Европа мамлекеттери орус элчилерин өлкөдөн чыгарууда

0

Литва орус элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.

Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис Твиттердеги баракчасынан Литванын, орус элчиси Алексей Исаковдон өлкөдөн кетүүсүн талап кылганын кабарлады.

Габриелиус Ландсбергис ошондой эле Литванын Украинадагы элчисинин борбор калаа Киевге кайтып барарын билдирди.

Мындан сырткары Германия дагы Берлиндеги Орусиянын элчилерин өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок мындай чечимди түшүндүрүп жатып, дипломаттар “ар күн сайын эркиндикке жана коомдун биримдигине каршы иштегенин” билдирди.

Ал Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөрдүн сүрөтү орус жетекчилигинин украиналыктарга карата болуп көрбөгөндөй мыкаачылыгы экенин белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз