Четверг, 2 мая

Монополияга каршы кызмат Гүлендин мектептерине эскертүү берди

0

КРнын айрым мыйзамдарын бузгандыгы үчүн «Сапат» билим берүү комплексине жазма эскертүү берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү комлекси КРнын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн эскертүү алган.

Муну менен катар аталган билим берүү комлекси окуу жайдын сайтындагы билим берүүнүн бааларын чет өлкөлүк валютада көрсөтүү менен маалыматтарды таратуу фактыларын жоюшу керек.

«Мекеменин сайтында иштер, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жана пайыздык туюнтманын баасы, комиссиялык сый акылары жана тарифтери улуттук валютада көрсөтүлүп, КР жарандары үчүн Кыргызстандын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсебине акча каражаттарын чегерүү жолу менен улуттук валютада жүргүзүлүшү керек. Бирок, окуу жайдын сайтында билим берүүнүн баалары АКШ долларында көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

«Сапат» билим берүү мектептеринин АКШдагы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экени айтылып келет. Фетхуллах Гүлендин колдоочулары 2016-жылы Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. ФЕТО деген аталыштагы бул уюмга Түркияда тыйуу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз