Четверг, 2 мая

Казакстан чек арадагы чектөөлөрүн алууга даярданууда

0

11-апрелден тарта Казакстан Кыргызстан үчүн чек ара бекеттерин ача турганын Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын аймагына коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссия үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта Казакстандын жарандарынын, жарандыгы жок адамдардын жана чет элдиктердин Казакстандын Россия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен кургактагы өткөрүү пункттарындагы чек арасынан өтүүсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алган.

Элчи белгилегендей, мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынды.

Ошондой эле Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба аркылуу өтүүгө бардык чектөөлөр алынып салынды. Ошол эле учурда, ПЧР тестин колдонуу менен COVID-19 боюнча изилдөөнүн терс натыйжасы бар сертификатты же COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти/паспортту милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы казакстандыктар жана Казакстан Республикасынын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар үчүн, ошондой эле эмдөө паспортторун өз ара таануу менен чет өлкөлүк жарандар үчүн сакталып калат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз