Суббота, 4 мая

Түркия ТҮРКСОЙго жетекчи болуп шайланган Раевге ийгилик каалады

0

Түркия ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданият уюмунун башкы катчысы болуп шайланган Султан Раевге ийгилик каалады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги: «2022-жылдын түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Бурсада  өткөрүлүп жаткан ТҮРКСОЙ маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынында ТҮРКСОЙдун баш катчылыгына Кыргыз Республикасынын талапкери Султан Раевдин шайлангандыгы бизди кубандырат», — деген маалымат таратты.

«ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевге жаңы кызматында ийгилик каалайбыз. Түркия түрк дүйнөсүнүн маанилүү мекемелеринен борбор шаар Анкарада жайгашкан ТҮРКСОЙдун  аткарган иштерин ар дайым  колдоону улантат», —  деп айтылды.

Мындан сырткары башкы катчылык кызматын Раевге өткөрүп берген Дүсен Касейиновго эмгектеринен улам ыраазычылык билдирилди.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз