Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берди.
Резолюцияга 93 мамлекет макулдугун берсе, 24ү каршы чыккан. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган. Демилгени колдобогон мамлекеттердин арасында Алжир, Беларусь, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Россия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам, Зимбабве бар.
Ал эми ошол эле жыйында Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин РФ уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганын билдирген.
Ал Москва Башкы ассамблеянын резолюциясын мыйзамсыз жана саясий жүйө менен жасалган кадам деп эсептей турганын билдирген.