Орусия-Украина согушунда 1611 карапайым тургундар каза болду

0

Орусия-Украина согушунда Украинада кеминде 1611 жаран каза болду, 2227 жаран жараланды, кол салуулардан кийин 4 миллион 319 миң 494 киши коңшу өлкөлөргө өттү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы маалымдады.

Билдирүүдө 24-февралдан 6-апрелге чейинки аралыкта Украинадан жарымынан көбү Польшага кеткен 4 миллион 319 миң 494 кишинин коңшу өлкөлөргө барганы белгиленди.

Коңшу өлкөлөрдөн Польша (2 миллион 514 миң 504), Румыния (662 миң 751), Венгрия (404 миң 021), Молдова (401 миң 704) жана Словакияга (304 миң 983) кишинин өткөнү маалымдалган билдирүүдө, 21-23-февралда Донецк жана Луганск облустарынан Орусияга 113 миң киши кеткени айтылды.

БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму да Украинанын ичинде 7,1 миллион карапайым тургундун жер которгондугун жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз