Пятница, 22 ноября

Эдил Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Регионалдык форумунун жабылышында жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты.

Ал комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

«Төрага катары мен сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт», — деди Эдиль Байсалов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз