Суббота, 4 мая

Орусия эми Украинанын чыгышына кол салууга даярданууда

0

АКШнын Коргоо министрлигинин атын атагысы келбеген жетекчиси айрым орус күчтөрүнүн Украинанын чыгышына кол салуу учун Россиянын батышындагы шаарларга карай көчүрүлгөндүгүн айтты.

Россия-Украина согушу тууралуу журналисттерге маалымат берген Пентагон жетекчиси Киевдин айланасынан чегинген орус күчтөрүнүн Беларустагы айрым аймактарга баргандыгын айтты.

Жетекчи орус күчтөрүнүн бир бөлүгүнүн Россиянын батыш чек арасындагы Белгород менен Валуйки шаарларына көчүрүлгөндүгүн билдирди.

Россиянын 44 күндүк согушта Украинага 1500гө жакын ракета учурганын белгилеген жетекчи, өлкөнүн түштүгүндө кагылышуулардын күчөй баштаганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз