Четверг, 25 апреля

Кыргызстандын улуттук курама команда Монголияда боло турчу Азия чемпионатына катышат

0

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Монголияда боло турчу Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Мелдеш 21-апрелден 25-апрелге чейин Улан-Батор шаарында өтөт. Балбандар чемпионатка беш күн калганда Монголияга барып машыгуу өткөрүшмөкчү.

Грек-рим күрөшүнө катышуучу спортчуларды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат. Эркин күрөш боюнча балбандарды улук машыктыруучу Сүймөнкул уулу Таабалды менен башкы машыктыруучу Русланбек Мажинов коштоп кетет. Ал эми чемпионатка катышчу спортчу кыздарды улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев менен башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз