Воскресенье, 28 апреля

Бучада өлгөндөр такталууда

0

Украинанын Буча шаарында орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн жана массалык көрүстөндөрдөн табылган жарандардын сөөктөрүн эксгумациялоо уланууда.

Буча шаарынын борборундагы Ыйык Андрия чиркөөсүнүн короосундагы массалык көрүстөндөн казылган сөөктөр өлүмдүн себептерин иликтөө жана аныктоо үчүн соттук медицина жана криминалистика адистери тарабынан тиешелүү борборлорго жөнөтүлүүдө.

Бучадагы шаар көрүстөнүндө кара баштыктарга салынган ондогон жарандын денелери көңүлдөрдү бурууда.

Расмий кызматкерлер бул жердеги сөөктөрдүн Буча жана айланасында каза болгон жарандарга таандык экенин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз