Суббота, 23 ноября

Атамбаевдин өкмөттү отставкага кетирүү аракети же Жээнбеков Абылгазиевди кантип сактап калды?

0

“Жогорку Кеңеш  премьер-министрдин отставкасын талап кылат. Мындай демилге КСДПнын депутаты Карамат Орозова тарабынан айтылды. Белгилей кетүүчү жагдай, ал бүгүн Атамбаевди колдогон бирин-серин адамдардын бири.

Атамбаевдин ишенген депутаттары тарабынан айтылган идея эмнегедир парламентарийлер тарабынан колдоо тапты. Ал тургай алар кийин өкмөттүн алмашуусуна алып келе турган көпчүлүк коалициянын таркашы тууралуу да айта башташты.

Жогорку Кеңеш чындап эле Мухамметкалый Абылгазиевди кызматынан кетирүүгө ниеттенип калган. Парламенттеги түшүнүксүз жана жагымсыз жагдайлар президентти депутаттардын алдында чыгып сүйлөөгө мажбур кылды.

Азырынча президент Абылгазиевди садагага чабылган сары улак кылууга даяр эмес. Депутаттар президенттин сөзүн дал ушундай түшүнүштү.

Президенттин сөзүнөн кийин көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчетун угууну чечти. Ошол учурда парламент залында өкмөттүн алмашуусу тууралуу ой калкып турду.

Депутаттар менен чиновниктердин беш саат боюу өкмөттү сындоосу жана лупа менен гана көрүүгө боло турган ийгиликтерин белгилөө менен эл өкүлдөрү аткаруу бийлигинин отчетун канааттандырарлык деп табышып, Абылгазиевди барып, иштей бер деп жөнөтүп коюшту.

Канткен менен президенттин бир күн мурда Жогорку Кеңешке келип, сөз сүйлөгөндүгү өкмөттү отставкага кетирүүдөн сактап каллды. Азыркы Атамбаев президентти буттан чалууга аракет кылып жаткан опурталдуу учурда, ал эми качып кеткен күчтүү саясатчы Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келип, митинг өткөрүү аркылуу өкмөттү алмаштырууну көздөп жаткандыгын депутаттар жаз алдында дагы бир төңкөрүш-революция жасоо аракети катары түшүнүштү.

Премьер-министрдин кемчиликтери менен чечкинсиздигин байкаган депутаттар бир эле Абылгазиевдин өзүнүн эмес, бүтүндөй кабинетиндеги чиновниктердин креслосун сактап берди. Ошентип өкмөт мындан ары да иштей турган болуп, көпчүлүк коалиция таркаган жок жарым легитимдүү КСДПнын саясый аренада калуусуна шарт түзүлдү. Айтор коалиция дагы бир ирет парламент С. Жээнбековдун колунда экендигин далилдеп берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз