Бишкекте 16-апрелде саат 20:40тар чамасында Анкара менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде “Инфинити” үлгүсүндөгү унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамды сүзүп кеткен.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, унааны 52 жаштагы А.Р. аттуу жаран айдып бараткан.
Кырсыктан 70 жаштагы аял киши жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Унаа айып аянтчасына киргизилди.
https://youtube.com/shorts/odyyLkDKaUs?feature=share