Пятница, 17 мая

МУСИАД Бишкекте ифтарлык уюштурду (Фото)

0

MÜSİAD (Көз карандысыз ишкерлер жана өндүрүшчүлөр ассоциациясы — МУСИАД) Кыргызстан өкүлчүлүгү Бишкек шаарында ооз ачар программасы уюштурду. Программага КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Эргешов Алтынбек Калдарович, КР Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, элчинин кеңешчилери жана элчилик кызматкерлери, ТИКА Бишкек координатору Осман Уста, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин ректору Алпаслан Жейлан жана жамааты, Маариф билим берүү комплексинин жамааты, МУСИАД Кыргызстан төрагасынын орунбасары Суат Акпынар, МУСИАД мүчөлөрү, кыргыз жана түрк ишкерлер, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. катышты.

Программа Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк мырза окуган Курани Карим менен башталды. Ачылыш үчүн сөз алган МУСИАД Кыргызстан төрагасынын орунбасары Суат Акпынар «Орозо ачка калуу гана болбогондой, ифтар да тамактануу гана эмес экенин унутпашыбыз керек. Ифтар коомчулуктун ар кандай катмарларындагы адамдарды чогулткан, эч кимдин башка бирөөдөн үстөмдүгү болбогонун көрсөткөн, баарынын бир убакытта тамактануусуна өбөлгө түзгөн иш-чара. Биздин чогулушубуздун максаты МУСИАД жана достору арасында таанышуу жана карым-катнаш мамилелерин өркүндөтүү» деп айтты. МУСИАД тууралуу маалыматтар берген Суат мырза, «Курулган күндөн бери баалуулуктарын коргоп келген бул уюмдун мүчөсү экенимден сыймыктанамын» деди.

Ооз ачар программасына видеокайрылуу жиберген МУСИАД башкы президенти Махмут Асмалы мырза да, бүт Кыргызстан элин, кыргыз жана түрк ишкерлерин кирип келген рамазан айы менен куттуктап, рамазандын берекесинен насип алууга шашылышыбыз керектигин айтты.

Программада сөз алган Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган түрк ишкерлеринин Кыргызстанда биримдикте болуусун каалайт экенин айтып, бул боюнча МУСИАД сыяктуу уюмдардын ролунун маанилүү экендигине токтолду. «Кыргызстан менен Түркия арасындагы соода көлөмү жыл сайын артып жатат жана биз мындан абдан кубанычтабыз.» деди элчи мырза.

1990-жылы 12 идеалист мусулман ишкердин инициативасы менен курулган МУСИАДдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө 12 миңден көп. Түркияда 83 филиалы, андан тышкары 81 өлкөдө 164 филиалы болгон МУСИАД мүчөлөрүнүн фирма саны 60 миңге жакын болуп, жалпысынан 2 миллионго жакын кишини жумуш менен камсыз кылат. МУСИАД Кыргызстан өкүлчүлүгү 2020-жылдын ноябрь айында ачылган болуп, 2021-жылдын май айында Адилет министрлигинде расмий каттоодон өткөн. Азыркы күндө 30 га жакын мүчөсү бар жана каалоочулар мүчөлүк үчүн кайрылуусу мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз