Суббота, 21 сентября

Пакистандагы жарылуудан 16 киши каза тапты

0

Пакистандын коопсуздук боюнча жооптуу кызматкер Абдур Раззак Чеема, Базар жериндеги жашылчалардын арасына катылган колго жасалган жарылуучу зат жарылганын маалымдады.

Пакистандын Кетта шаарында үстү ачык базар аянтында жарылуу болуп,  16 киши каза тапты, 30 киши жаракат алды.

Пакистандын медиасында орун алган маалыматтарга караганда, коопсуздук боюнча жооптуу кызматкер Абдур Раззак Чеема, Хазар Гунжи аймагындагы базар жеринде таңга маал бомба жардырылышынын  кесепетинен 16 киши каза тапканын, 30 кишинин жаракат алганын билдирди.

Базар жериндеги жашылчалардын арасына катылган колго жасалган жарылуучу зат жарылганын маалымдаган Чеема, кол салуу менен шиит Хазара коомчулугу бутага алынганын айтты.

Чеема дарыланышы үчүн ооруканага жаткарылгандардан айрымдарынын абалы оор экенин айтты.

Жарылууда каза тапкан же жаракат алгандардын көпчүлүгүнүн базарчылар экени белгиленди.

Коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон аймакта коопсуздук курчоосун түзүп, окуя тууралуу иликтөөлөр уланып жатат.

Премьер-министр Имран Хан жарылууну айыптады жана каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Кол салууну моюнга алган эч ким чыга элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз