Быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түзөрүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
2010-жылдарда ажылыктын баасы 2300 доллардын айланасы болсо, бул баа акырындап өсүп отуруп 3500 долларга чыккан эле. Ал эми эмне себептен быйыл ажылыкка барууну каалагандар 4500 төлөшү керек экенини Муфтият өзүнчө түшүндүрүп берди.
Муфтият Сауд Аравиянын (САП) Ажылык жана умра министрлиги квотаны чет өлкөлүктөргө дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу чукул бөлгөндүктөн, САП ажылыкты уюштурууда авиакомпаниялар, САПтагы аваит, жатакана, тамак-аш, автобус жана башка чымдарына тиешелүү бардык келишимдерди түзүүгө 15-майга чейин мөөнөт берилгендигин маалымдайт.
«Дүйнөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу Сауд Аравиясы ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбаттап кетүүсү мүмкүндүгү бар экендигин эске алуу менен бүгүн, 21-апрелде, 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы чукул жыйын өткөрүп, болжолдуу калькуляцияны 4500 АКШ доллары деп бекитти. Көрсөтүлгөн баа авиакомпания тандалып, ажылыкка тиешелүү бардык келимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн так баалары аныкталгандан кийин жогорулашы же төмөндөшү мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.
Муфтияттан кошумчалашкандай, ажылыктагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькулацияда көрсөтүлгөн 4500 доллар төмөндөп кетсе, ажылыкка акчасын төлөгөн талапкерлер айырмасын кайтарып алышат. Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары аныкталгандан кийин калькуляция 4500 АКШ долларынан жогорулап кетсе, акчасын төлөгөн талапкерлер кошумча төлөмдөрүн төлөп калышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, быйыл ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия 2766 квота бөлдү.