Суббота, 18 мая

Бүгүн Түркиянын эгемендүүлүк күнү

0

Бүгүн Түркия мамлекети Улуттук эгемендик жана балдар майрамын белгилеп жатат. 1920-жылы 23-апрелде Түркиянын парламенти, башкача айтканда Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (TBMM) алгачкы жолу жыйын өткөргөн.

Бул күндө падышачылык бийлик жоюлуп улуттук эгемендик орногон. Эгемендүүлүк майрамы Боштондук согушунда (Kurtuluş Savaşı) атасы курман болгон балдардын урматына Улуттук эгемендик жана балдар майрамы деп аталган. Негизги максат согушта атасы курман болгон балдардын көңүлүн көтөрүү болгон.

Түркиянын Улуттук эгемендик жана балдар майрамы жылдагыдай эле быйыл да ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө. Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган жетектеген топ эртеменен Ататүрк паркындагы Мустафа Кемаль Ататүрктүн эстелигине гүл койду. Ошондой эле Бишкектеги Түрк Мектебинде майрамдык иш-чара уюштурулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз