КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муктаждарга 4 тоннадан ашуун азык-түлүк бөлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн азык-түлүк ун, кумшекер, күрүч, туз, чай, макарон, өсүмдүк майы, томат пастасы, тез даярдалуучу кесме жана таттуулардан турат.
Белгилей кетсек, азык-түлүк “Азиздер жана дүлөйлөр коому” жана “Хадича” кайрымдуулук фонду тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө таратылат.